Кадыр түндүн касиети. Мусулманчылыкта аны кантип өткөрүү керек?

Муфтият быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү боло турганын билдирди. Мусулмандар ал түнү жакшы амал, ибадаттарды жасаганга далалат кылуусу керек дешет аалымдар.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги сообу миң айга тете делген түндү кантип туура өткөрүп, кандай амалдарды аткарууга дилгир болуу керектигин диний адистерден кызыгып сурап көрдү.
Эркек мечитте, аял үйдө. Кадыр түндү адам жалгыз деле тоссо болот. Ал түнү мусулман обочолонуп түнү бою куран, намаз окуп, зикир чалып, өз алдынча Жараткандан каалоо-тилектеринин орундалышын сурап, эл-жерге тынчтык, молчулук тилесе болот. Ал түндү эркек мечитте, аял киши үйдө өткөргөнү жакшы.
Ушактан оолак болуу. Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Кадыр түнү инсан эки рекет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылып келет мусулманчылыкта. Ошондуктан бул түндү инсан жакындары менен болушунча пайдалуу амалдарды аткарууга далалат кылып, пайдасыз сөздөрдөн оолак болуу шарт.
Саарлыкка чейин уктабай... Кадыр түн күн баткандан таң атканга чейин созулат. Адам ден соолугуна же жаш курагына байланыштуу күндүн жарыгы жерге тийгенге чейин отурууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жок дегенде ооз жапканга чейин дуба кылып, эртең мененки намазды окуп уктаса болот.
Ибадатка арналган түн. Мусулман адам ал түнү дүйнө сөзүн сүйлөшү керек, жакындарын чогултуп алып шаан-шөкөт, ыр-тамаша менен өткөрүүгө болбойт. Адам өзүн болушунча ибадатка арнап, кошумча намаздарды, куран окуп жашоодо басып өткөн жолуна, келечегине саресеп салуусу абзел.
Түн интернет менен өтпөшү керек. Кадыр түндү мусулман өз ылайыгына карап үйдө же мечитте жамаат менен тосо алат. Үйдө телевизор көрүүгө болот, бирок анда шариятка тиешелүү баяндарды же тарбиялык мааниси бар тасмаларды көргөнгө уруксат. Ал эми интернетте пайдасыз нерселерди көрүп убакытты өткөрүп, анан саарлыкта тамак ичип жатып алганы туура эмес болуп калат.
Жакындашпайт. Бул түнү адам таза болуп, жакшы тилектерди тилеп өткөрөт. Диний аалымдар мусулмандарды ал түнү жыныстык катнашка баруудан алыс болууга чакырат.
Эске сала кетсек, Кадыр түн орозо айынын 27сине караган түнү өлкө аймагындагы мечиттерде белгиленип келет.
Орозо маалында эске алчу жагдайлар. Кулагыңызга күмүш сырга
Радио
Кадыр түн эмнеси менен маанилүү? Муфтияттын түшүндүрмөсү