Нарында массалык түрдө бак отургузулду. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Нарын шаарында массалык түрдө көчөт отургузуу иш чарасы уюштурулуп, ага шаардагы мекемелердин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Нарын шаарында массалык түрдө көчөт отургузуу иш чарасы уюштурулуп, ага шаардагы мекемелердин кызматкерлери катышты

2 / 3

Маалым болгондой, 15-апрель күнү Нарын шаарында демөөрчүлөр тарабынан алып келинген карагайдын, алманын, ак кайың жана теректин 2 700 көчөтү Муса Жусаев паркына жана МДС аймагындагы күмбөздөрдүн ордуна тигилди

3 / 3

Көчөттөр Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын каржылоосунда бир катар фонддордун жардамы менен алып келинген

Маалым болгондой, 15-апрель күнү Нарын шаарында демөөрчүлөр тарабынан алып келинген карагайдын, алманын, ак кайың жана теректин 2 700 көчөтү Муса Жусаев паркына жана МДС аймагындагы күмбөздөрдүн ордуна тигилди.
Көчөттөр Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын каржылоосунда бир катар фонддордун жардамы менен алып келинген.
Баткендин Мурасында бадамдын 25 миңдей көчөтү отургузула баштады