Жазганы мыкты, бирок андан уялган мугалимдер көп. "Кут билим" медиа борборунун иши

Быйыл "Кут билим" гезити 70 жылдык, "Эл агартуу" журналы — 95, "Русский язык и литература в школах Кыргызстана" журналы 65 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Үч басылма бир медиа борборго биригип иштөөдө.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде "Кут билим" гезитинин башкы редактору, белгилүү акын, көрүнүктүү журналист Майрамбек Токторов, "Русский язык и литература в школах Кыргызстана" журналынын башкы редактору Гүлжигит Соронкулов, "Эл агартуу" журналынын башкы редактору Чолпон Кийизбаева болду. Биз жогорудагы үч басылманын абалы, көйгөйлөрү жана максаты тууралуу баарлаштык.
— "Кут билим" медиа борбору түзүлгөнү баарыбызга маалым. Эми тарыхы терең басылмалар бирге иш алып бара баштады. Мына ушул тууралуу кепти баштасак...
Майрамбек Токторов: — "Кут билим" гезити 1953-жылы 7-апрелде Исхак Раззаковдун демилгеси менен уюшулуп, атайын токтомдун негизинде түзүлгөн. №1, 2 саны башкы редактору жок эле чыккан. Дүйшө Айтманбетов агай башкы редактор болгон, кийин Дүйшөке Орозалиев, Жунай Мавлянов, Талант Конокбаев бир топ жыл башкарды. Ошол мезгилде биз демократиялуу мамлекет болуп, мугалимдердин гезити болгону үчүн аталышы Жусуп Баласагындын чыгармасынын атынан "Кут билим" деп өзгөрүп, жаңы түс менен чыга баштаган. Андан кийин Кубатбек Чекиров башкы редактор болуп келди. Ал келгенден баштап гезиттин потенциалдык деңгээли жогорулады. Мезгилдин талабына жараша мультимедиалык шартта сайтыбыз да иштеп жатат. Замандын талабына ылайык, былтыр "Эл агартуу", "Орус тилин кыргыз мектептерде окутуу", "Кут билим" басылмалары биригип, "Кут билим" медиа борбору болуп, министрликтин сунушу менен түзүлдү. Азыр жаңы контентте иш алып барып жатабыз. Үч басылма бир туугандай, бири-бирине каршылыгы жок. Буюрса, дагы жакшы пландар бар. 11-апрелде мааракебизге карата Улуттук китепканада тарыхыбызды чагылдырган көргөзмө ачтык. Алдыда көптөгөн иш-чараларды өткөрөбүз.
— Гүлжигит агай, сиз жетектеген журналдын тарых-таржымалына кайрылып, бүгүнкүсү менен кечээкисин салыштырып берсеңиз?
Гүлжигит Соронкулов: — Министрликке караган үч басылманын тагдырын карап көрсөк, бардыгы ар кандай жылдары түзүлгөн. Быйыл биздин журналыбызга 65 жыл, "Кут билим" —70, "Эл агартуу" журналы 95 жашка чыгып отурат.
1951-жылы Лев Шейман филология боюнча илимдин кандидаты катары Кыргызстанга ишке жиберилет. Бул жерден орун жок болуп, кайра жөнөтөбүз деп жатышкан убак. Ал паркта келе жатып сулуу, сымбаттуу кызга жолугат. Экөө жол талашып калганда кыз аны ийининен кармап, күлүп айланып өтүп кеткен экен. Лев Абрамович артынан карап калат да, "Фрунзеде ушундай сымбаттуу, акылдуу кыздар болсо бул жактан кетпейм" дейт. Көрсө, ал Бүбүсара Бейшеналиева экен. Ошол бойдон ал киши өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстанда иштеп, 1958-жылы журналды чыгарат, жетектейт. Ошол мезгилде журнал 10 миң нуска менен чыгып, Америка, Венгрия, Чехословакиядан окурмандар, авторлор катышып турган. Азыр көйгөйлөрүбүз көп эле. Бул — илимий-методикалык журнал. Орус тилинде, кыргыз тилинде жазган мыкты мугалимдер азыр деле бар. Бирок көбү өздөрүнүн методикасы жөнүндө жазбай калышты. Ага байланыштуу илим жакка ооп кетип бара жатабыз. Окурмандар да аз болуп жатат.
Бул журналдар Россияда (РИНЦ) да бар. Ал жакта макалаларды КМШ өлкөлөрүндөгүлөр илимий жаатта пайдаланышат. Аттестациялык комиссиянын тизмесинде дагы барбыз. Бирок жылына төрт жолу 210-250 гана нуска менен чыгарып жатабыз.
— Алгач "Жаңы маданият жолунда" ат менен чыккан "Эл агартуу" журналынын тарыхы кылымга тете. Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев сыяктуу алптардын колдоосу менен журнал чыгып келген. Тарыхына кыскача кайрылып кетсеңиз?
Чолпон Кийизбаева: — Бул журналдын дээрлик бир кылымдык тарыхы бар. Гезиттерден эң алгачкысы "Эркин-Тоо" болсо, журналдардыкы "Жаңы маданият жолунда" болуп саналат. 1928-жылдары Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Токчоро Жолдошов, Осмонкул Алиев сыяктуу кыргыз интеллигенттеринин демилгеси менен жарыкка чыккан. "Кыргыз элине агартуу жаатындагы журнал керек" деп өз чөнтөктөрүнөн 10 сомдон чыгарып, ал каражат жетпей калганда дагы эки жыл акча чогултуп чыгарышкан. Андан бери көп нерселерди баштан өткөрдү, бир нече жолу аты өзгөрүп, 1972-жылдан бери "Эл агартуу" деген аталышты алып келе жатат. Алгач редактору Касым Тыныстанов болсо, андан кийин Аалы Токомбаев, Токчоро Жолдошов, Болот Юнусалиев, Касымалы Баялинов сыяктуу көрүнүктүү инсандар башкы редактор болуп келишкен. Кийин Сагымбаев агайыбыз бир топ жылга жетектеп турду. 2012-жылдардан бери Чолпонбек Тайтелиев агай башкы редактор болуп турган. Жакынкы убактан бери ал милдет менин мойнума өттү. Журнал деңгээлин жоготпой жакшы чыгып келе жатат. Алдыда дагы пландар бар.
— Санариптешүү доорунда маалымат агымынын тездиги, интернеттин пайда болушу менен гезит, журналдар коомчулукта өзүнүн таасирин жоготтубу деген маселе бар. Бүгүнкү күндө ушул басылмалар кандай маселелерди жазып жатат? Окурмандардын саны кандай?
М.Т.: — Албетте, мезгилден ат чабым алдыда жүрүү талабы бар. Министр Каныбек Иманалиевдин реформасы дагы ушундай таризде. 30 жылдан кийин биздин балдар дүйнөлүк аренада туруштук бере алабы деген маселеде көп иштерди жасап жатат. "Кут билим" медиа борбору түзүлгөндөн бери директорубуз Кубат Чекиров жаңыча иштөө боюнча жол көргөзүп келет. "Кут билим" 8-9 миң тираж менен чыгып келе жатат. Гезиттин уникалдуулугу — кыргыз-орус тилинде чыккандыгында. Бизде эки тилдүү журналисттер иш алып барат. Материалды гезитке сапаттуу жарыялайбыз. Азыркы маалда балдар мугалимден акылдуу болуп интернеттен карап айтып, мугалимдер артта калып жатканы жашыруун эмес. Гезитибизде педагогдорду кантип өнүктүрүү керек деген маселе боюнча атайын адистер иштеп, аналитикалык макалаларын жарыялашат. Методикалык тиркемебиз бар. Мыкты мугалимдердин ыкмаларын жарыялайбыз. Билим берүү тармагындагы жаңылыктар дайыма басылып, эки-үч сааттан кийин сайтка аналитикалык макала болуп чыгат.
Биздин гезит мугалимдин столунда болбосо болбойт. "Ким окуса "Кут билим" — ал чыныгы мугалим" деп өзүбүздү рекламалаган роликтерибиз бар. Эгер мугалим бул үч басылма менен иши жок болсо, анда ал бүгүнкү күндүн билим сапаты жөнүндө ойлонбойт. Окутуучуларды, илимди алдыга жылдырууда гезитибиздин миссиясы абдан чоң. Реформаларды ишке ашырууда дагы күч-кубат, дем менен иштей беребиз.
2000-3000 доллар айлык төлөйбүз дешет, адис жок. Тарых музейинин иши тууралуу маек
— Гүлжигит агай, жогоруда журналда педагогикалык маселелер артта калып, илимге ооп бара жатканын белгилеп өттүңүз. Буга эмне себеп болуп жатат? Орус тилинин педагогикадагы орду тууралуу да айтсаңыз?
Г.С.: — Кыргызстанда жети миңден ашуун орус тилчи, адабиятчы иштейт. Андан сырткары, лицейлер, университеттер бар. Ошонун баарын кошкондо сегиз миңден ашат. Мурунку мугалимдер жазып көнгөн. Ал эми азыркы жаштар кат менен көп иши жок. Телефондогу билдирмелерди бир-эки сап менен жазып, балким ошондон аксап жатышкандыр. Бизде дагы бир маселе бар. Университеттерде төрт жылда мугалимдерди даярдайбыз. Эми 1-курстан баштап эле адистигине даярдайлы деп жатабыз. Калган программалар мектепте деле окутулуп жатат.
Жазгандан уялган, өзүн кесипкөй катары эсептебеген мугалимдер көп. Жазбай калышты. Нускабыз аз. Материал чогултканда абдан кыйналып жатабыз. Райондордо методикалык комитет бар болчу, аны да жоюп коюшкан.
— "Эл агартуу" журналынын тиражы канча, кандай макалалар жарыяланып жатат, аудиториясы үчүн башка жолдорду издеп жатабы?
Ч.К: — "Эл агартуу" журналы убагында 25 миң нуска менен чыкчу. Рубрикалары дагы абдан көп болчу. Республикада 50 миң мугалим болсо, ар бир экинчи мугалим окуган. Эгемендүүлүктү алгандан бери гезиттин нускасы күндөн-күнгө түшүп отуруп, бүгүн 200-300 гана чыгып жатат. Бул мектептер менен байланыштын солгундап кеткенинен кабар берет. Журнал менен активдүү гана мугалимдер иштешпесе, калгандары кабарсыз. Журналдын нускасын үч миңге чейин жогорулатууну көздөп жатабыз. Кыргызстанда үч миң мектеп бар. Демек, ар бир мектеп айына бирден журнал алып калат. Антпесек, мугалимдер такыр эле алыстап кетти. Басылманын ички мазмунун жана көрүнүшүн дагы өзгөртөбүз.