Радио

Аз маяна алган адам эс алууга кантип акча топтошу керек? Адистен кеңеш

Улуттук банктын коммуникация жана эл аралык башкармалыгынын финансылык сабаттуулук бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мүсүралиев акча топтоонун эң эффективдүү ыкмасы жеке бюджетти жүргүзүү экенин айтты.
Sputnik
Аз маяна алган адамдар чет өлкөдө саякаттоону алты ай же бир жыл мурун пландашы керек. Бир айдан кийин башка мамлекетке барып эс алам десе каражат жок болуп калышы мүмкүн экенин Кубаныч Мүсүралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, арзан саякаттоо үчүн бир нече ыкманы колдонсо болот.
"Аз айлык алып, бирок ошол эле маалда эмгек өргүүсүндө башка өлкөгө барып эс алууну каалагандар эң алгач кыялын максатка айландырышы керек. Башкача айтканча, качан, кайсы жакка, канча мөөнөткө барам деген суроолордун ар бирине так жообу болушу зарыл. Мындай учурда акча топтоо жеңил боло баштайт. Баарыбызга маалым болгондой, ар өлкөгө баалар да ар башка болот. Ошол эле учурда туристтик сезондо саякаттын баасы кымбаттайт. Мындан сырткары, "ыкчам турларды" карап изилдеп көрүү менен да акчаны бир топ үнөмдөө толук мүмкүн. Эн башкысы, алты ай же бир жыл мурун план түзүп, акча топтой башташ керек. Саякат үчүн болжолдуу канча акча кетерин аныктап, ал сумманы алты айга же бир жылга бөлүп, каражатты жыйнай баштаса болот. Анткени бир айдан кийин эс алам дегенде акча жок болуп калышы ыктымал. Айлык алган кезде кирешени жана чыгашаны эсептеп, эгер жетпей жаткан болсо киреше булактарын көбөйтүүгө аракет кылуу зарыл", — деди Мүсүралиев.
Ал адамдардын көбү тапкан акчасынын 20 пайызын керексиз нерселерге короторун кошумчалады.