Келе жаткан аптада Баткенде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Аптанын башында көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Синоптиктер алдыдагы аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун кабарлашты.
16 жана 17-апрель күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
18-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
19-22-апрелде күн ачылып, жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-апрелде жана 17-апрелде күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы