Баткенде 243 үй-бүлөгө социалдык жардам катары 100 миң сомдон тапшырылды

Каражат бир жолу берилүүчү социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында ыйгарылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган аз камсыз болгон 243 үй-бүлөгө 100 миң сомдон тапшырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
Каражат "Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик социалдык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында берилген. Анын максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу.
Белгилей кетсек, быйыл аталган долбоордун алкагында Баткен облусу боюнча 1097 үй-бүлөгө 100 миң сомдук социалдык жардам берүү каралган. Учурда анын ичинен 536 үй-бүлөгө каражат берилди.
Лейлекте аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилди