БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Латвияда Sputnik жана Baltnews агенттиктери менен кызматташкан 14 журналист боюнча сот иштеринин экинчи күнү аяктады.
Алардын бардыгына "Евробиримдиктин санкцияларын жеке кызыкчылыктары үчүн бузган" деген айып тагылууда.
Латвия бийлиги журналисттердин макаласы кайсы бир "чарба ресурсу" деген ишенимде. Алар жазгандарын "Россия сегодня" медиа тобунун башкы директору Дмитрий Киселевго берип, жетекчи "мындан пайда көргөн" деп эсептеп келет. Муну талдап, териштире келгенде бийлик коюп жаткан кинесинин өзөгүн түшүндүрө алган эмес. Күнөөлөгөн процессте көрсөтмө берген күбө "Киселев пайда көрдү деп ойлоого болот" деген сөз менен чектелген.
Ал эми журналисттер аларга тагылып жаткан күнөөнү танып, аларга карата ачылган кылмыш иши саясатташып кеткендигин бекемдешүүдө.
Эске салсак, "Россия сегодня" медиа тобу менен кызматташкан журналисттердин иши боюнча биринчи сот 11-апрелде Ригада өтүп, анда Владимир Дорофеев суралган. Процесс андан кийин да уланды.
Россиянын Журналисттер союзу Евробиримдиктин мындай аракетин сынга алды.