Самаркандда ири саясий иш-чара жыйынтыкталды. Эмне кеп болду

КМШ тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки жыйыны Бишкекте 12-октябрда өтө турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 13-14-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында Афганстанга коңшу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны, КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин (ТИМК) жыйыны жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Россиянын тышкы иштер министрлеринин VI жолугушуусу өттү.
Урунттуу учурлар:
КМШда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын спартакиадасын өткөрүү пландалды;
Россия – Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрдүн эң жакын досу;
2024-жылы Самарканд – Шериктештиктин маданий, Ташкент – жаштардын, ал эми Гюмри – спорттук борбору болот;
Патрис Лумумба атындагы Россиянын достук университети – КМШга мүчө мамлекеттерден журналисттерди кайра даярдоо жана даярдоонун базалык уюму болот;
КМШ ТИМК кийинки жыйыны Бишкекте 12-октябрда өтөт.
Айта кетсек, КМШ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынын Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев ачкан. Иш-чара Кыргызстандын төрагалыгы астында өттү.
Жыйындын күн тартибине Шериктештиктин алкагындагы кызматташууну караган 11 маселе коюлган.
Россия тышкы саясаттын жаңы концепциясын бекитти