Кыргызстанга машина ташуу 2,6 эсеге өстү. Статистика

Январь жана февраль айларында Кыргызстанга 37 мамлекеттен автоунаа ташылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга 14 885 жеңил автоунаа импорттолгон. Бул тууралуу маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Эң көп машина төмөнкү өлкөлөрдөн кирген:
Түштүк Корея — 5 миң 93 автоунаа;
Грузия — 2 миң 629;
Россия — 1 миң 737;
Кытай — 1 миң 364;
АКШ — 1 миң 202.
Жалпы жонунан 37 мамлекеттен машина ташылган.
Өткөн жылдын январь-февраль айында КРге кыйла аз автоунаа кирген — 5,6 миң.
Жылдар боюнча статистика:
2018 — 3 835;
2019 — 18 527;
2020 — 25 629;
2021 — 13 116;
2022 — 41 237.
Былтыр өлкөгө 40 миңден ашуун автоунаа импорттолду. Рекорддук көрсөткүч