Шайтан кирдиби? Бишкекте айдоочу башка айдоочуга бычак шилтеген видео

Киши кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте айдоочу башка айдоочуга бычак шилтеп кол салды.
Окуя март айынын орто ченинде Бишкек ТЭЦтин аймагында болгон. Бирок видеосу эми гана тарап жатат. Андагы маалыматка караганда, Mercedes үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу машинасынан чыгып башка айдоочуга бычак шилтеп кол салган. 20 жаштагы бала мойнун колу менен тосуп калганга жетишкен. Натыйжада колу жабыркап, ооруканадан тиктирген.
Кармалган киши тергөөчүгө өз жоругун ага шайтан кирип кеткенин айтып түшүндүргөн.
Жабыркаган тарап кол салган киши тергөө абагына киргизилбестен үйүнө кое берилгенин айтты. Ал эми Свердлов райондук ИИБдин тергөөчүсү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын жоготуп алганын, бычак текшерүүгө 5-апрелде гана жөнөтүлгөнүн жабырлануучунун энеси билдирди.
Свердлов райондук ИИБ факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") боюнча иш козголгонун билдирди. Экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы ден соолукка жеңил зыян келтирилгенин көрсөткөн.
36 жаштагы киши кармалып, кийин Свердлов райондук соту аны эки айга үй камагына алуу чечимин чыгарган.
Милиция маалыматты бурмалап, коомчулукту адаштырган адамдарга чара көрүлөрүн эскертти.
Кыргызстанда кылмыштардын кайсы түрү көп катталат. Рейтинг