Ошол эле учурда эки республиканын лидерлеринин мындай аракеттери тегин жерден жасалбаганын туюндурду. Кайра андайдын төлөмөйү да бар деген ойлорго түртөт. Ушундай тейдеги ой толгоолорун Виктория Никифорова РИА Новости сайтына жарыялаган.
Чындап эле ошол жолугушуудан бир апта өтпөй польшалык басма сөз Зеленский Батыш Украинаны Польшага берүүгө ниеттенгенин ачык эле жаза баштады. Украина президентине сыйлык тапшырылды, ага маашырканып ал киши миллиондогон жараны жашаган жүз миңдеген чарчы чакырымды тартуулоону чечтиби? Мындай көрүнүш орто кылымдарды эске салат. Англосактардын каалоосун аткаруу үчүн Украинадагылар тарыхтан, ишенимден тайып, өз өлкөсүнүн чыгышын жок кылууга тырышып, канчалаган жоокерлеринен ажырады. Эми кезек өзүнүн территориясын таратууга жеткендей...
Жалгыз акылдуу Польша эле эмес да, анын артынан "токочко" кезекке Румыния менен Венгрия да тизилип калды. Анан мындайда миллиондогон калк өз жери менен кыйрап бараткан Украинадан Россияга качууга ашыкканына таң калуунун кажети жоктур.
Зеленский бул кадамын Польша менен Украинанын ортосунда "чек араны жоюу" демилгеси менен негиздегенине жол болсун. Бирок кептин баары башкада экен. Америкалыктар тартуулаган куралдар үчүн төлөө керек тура! Кантип төлөнөт? Экономика дээрлик жок. Ошол үчүн Зеленский польшалык бизнестен америкалыктарга карызынан кутулууга жардам сурап туру. Ал эми алмайдын бермейи да бар эмеспи...
Бул аракетти Лондондогулар кош колдоп кубаттоодо. Европа биримдигинен чыккандан бери Британия чөлкөмдүү тескөө мүмкүнчүлүгүн жоготкон. Польшанын көзөмөлү алдындагы Деңиздер аралык аймак – бул англиялык демөөрчүнүн Европанын территориясындагы кыялдарынын бири. Батыш Украина, Польша, Молдавиядан, Балтика өлкөлөрүнөн тышкары, Белоруссияны да кошуп алууну самашат. Анда англиялыктар жүз миллиондогон калкы бар бүтүндөй чыгыш европалык анклавды тескеп калышат.
Британ басма сөзү ушул тапта польшалыктарды тынбай мактап, россиялык-украиналык жаңжалда Польшаны негизги жеңүүчү деп эмитен эле жар салышууда. Украинаны бөлүп-жарууну Вашингтон да түшүнүү менен кабылдайт өңдүү.
Тек гана миллиондогон украиналыктардын аларга аралашып кетүүсү кыйын, оор өтүп, ондогон жылдарга созулат. Кезегинде ошолордун курмандыктарынын урпактары менен кошуу – болбогон пикир. Польша-украиналык криминалдын очогу жана туруксуз абал бүтүндөй Европанын башын оорутуп, бул континенттин АКШ менен атаандашууга караманча алы калбайт.