РФ ТИМи: Россия менен НАТО күчтөрүнүн кагылышуу коркунучу бар

Грушко Россия соңку жылдары абалды жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды бергенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Россия менен НАТОнун күчтөрүнүн кагылышуу коркунучу жогорулап бара жатат. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко "Известия" басылмасындагы маегинде билдирген.
Ага Россия менен НАТОнун күчтөрүнүн кагылышуу кооптуулугу канчалык экени, блоктун кеңейиши жана Россиянын чек арасына жакындашынан улам кандайдыр бир жаңжалдын чыгып кетпешине кепилдик барбы деген суроолор узатылды.
"Тилекке каршы, коркунуч бар. Муну баары эле түшүнүп турат. Балтика аймагындагы коопсуздук эволюциясын карай турган болсок абдан жакшы мисал болуп бере алат. Дегеним, аскердик жана саясий жактан тынч аймак НАТОнун аракети менен аскердик атаандаштыкты жараткан жерге айланды", — деди Грушко.
Анын айтымында, Россия соңку жылдары абалды жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды берген. Анын ичинде НАТОнун машыгууларын Россиянын чегине жакындатпоо эскертилген.
"Тилекке каршы, бул сунуштар альянс тарабынан колдоого алынган жок. Эмнеге экени бүгүн түшүнүктүү болуп турат. Алар Россияны душман көрсөтүүнү көздөшкөн", — деди Грушко.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ишке ашпас “контрчабуул”. Пентагондун ачыкка чыккан “сырлары” тек гана актануубу?