БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Былтыр прокуратура органдары тарабынан мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 5 039 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Ал жерлер төмөнкүдөй багытта болгон:
Калктуу конуш — 52,71 гектар;
Айыл чарба — 4 906,46;
Суу чарба — 7,76;
Социалдык маанидеги — 9,6;
Өндүрүш багытындагы — 63,29.
Баш прокурор мамлекетке келтирилген зыянды аныктоодо жана ордун толтурууда жер мыйзамдарынын аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган коррупциялык иштерге жана мыйзам бузууларга бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.