Латвияда журналист Людмила Прибыльскаянын соту июлга жылдырылды

Жалпысынан 14 журналистке “Евробиримдиктин санкцияларын пайда көрүү максатында бузду” деп айып тагылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Латвияда "Россия сегодня" медиа тобуна кирген Sputnik жана Baltnews порталдары менен кызматташкан 14 журналисттин иши боюнча сот отуруму болуп, журналист Людмила Прибыльская суракка алынды. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жазды.
Прибыльскаянын айтымында, соттук отурум тез эле бүткөн. Ал күнөөсүн моюнга албай, сотко күбө катары кесиптештерин чакырууну өтүнгөн. Алар медиа аныгында кандай иштей турганына жана журналистке жеке баа бериши керек болчу.
Прокурор буга каршылыгын билдирген, бирок сот келтирилген өтүнүчтү канааттандырып, отурумду 14-июлга жылдырган.
"Россия сегодня" медиа тобу менен кызматташкан журналисттердин иши боюнча биринчи сот 11-апрелде Ригада өтүп, анда Владимир Дорофеев суралган. Жалпысынан 14 журналистке "Евробиримдиктин санкцияларын пайда көрүү максатында бузду" деп айып тагылууда.
Ал эми Россиянын Журналисттер союзу Евробиримдиктин мындай аракетин сынга алды.
Россияда аскердик кабарчы өлтүрүлгөн окуяны теракт деп баалашты