Бишкекте жолтандабастын ичинен жарым миллион сомду уурдап кетишкен

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте Сadillac Escalade үлгүсүндөгү жолтандабастын ичинен 480 миң сомду уурдап кетишкен. Кылмышка шектүү колго түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Окуя 26-мартта болгон. Машина Ибраимов көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайда турган. Кылмышкер автоунаанын эшигин ачкычтардын топтомун колдонуп ачып алган. Акча барсетканын ичинде богон.
Факт боюнча кылмыш иши козголду. 31 жаштагы шектүү №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.
Москвада теги кыргызстандык жигитти алдап, 60 млн. рублин уурдап кетишти