ЖК төрагасы Шакиев баштаган депутаттар Россияга иш сапары менен барды

Спикер КМШ ПААнын кезектеги жыйындарына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Спикерди депутаттар Винера Раимбачаева, Искендер Матраимов, Кундузбек Сулайманов жана Арсланбек Малиев коштоп жүрөт.
Ысык-Көлдү космостон сүрөткө тарткан космонавт Корсаков Жапаров менен жолукту