БА Футбол федерациялары CAFA турнирине РФ командасын катыштырууну жакташты

Турнир быйылкы июнь айына белгиленген, ал Бишкек менен Ташкентте өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Борбордук Азиянын Футбол ассоциациялары (CAFA) аталган турнирге Россия командасын катыштырууну жактап чыгышты. Бул тууралуу Sport24 Ирандын Футбол федерациясына таянуу менен кабарлады.
"Биздеги маалымат боюнча, CAFA турниринин бардык катышуучулары: Иран, Афганистан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын курама командалары Борбордук Азиянын жайкы турнирине Россиянын катышуусун жактап жатышат. Мүчө мамлекеттердин эми айрым деталдарды жөнгө салып, расмий документтерге кол коюшу гана калды", — дешти федерациядан.
Улуттук командалардын деңгээлиндеги мындай биринчи турнир 9-21-июнга пландаштырылган. Иш-чара Бишкек менен Ташкентте өтөт.
Буга чейин Россиянын футболдук союзу курама командасынын CAFA турнирине катышуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылган. Биринчиликке сырттан эки команда чакырылары белгиленип, анын бири Россия болору боолголонгон болчу.
Александр Крестинин машыктыруучулуктан кетип жатат