Бишкекте эски аэропорттун аймагында өзгөчө сквер пайда болот. Эскиз

Шаардын бийлиги каралбай калган жерлердин баарын көрктөндүрүүнү пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги эски аэропорттун аймагында заманбап сквер пайда болот. Бул тууралуу калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев билдирди.
1 / 2

Бишкектеги эски аэропорттун аймагында заманбап сквер пайда болот

2 / 2

Скверге жаңы асфальт төшөлүп, брусчатка тизилип, жарыктандырылып, фонтан коюлуп, балдар аянтчасы жасалып, бактар тигилет.

Анын айтымында, учурунда шаардын түштүк-батышындагы бул аймак эң жашыл жана таза болгон. Калаага учуп келгендер кооздукка суктанышкан.
"Азыр болсо ал аймакта көп кабаттуу үйлөр салынган. Айтматов проспектиси менен Ажыбек баатыр көчөсүнүн кесилишинде муниципалдык бош жер бар. Мэриянын тапшырмасы менен "Бишкек башкы архитектуранын" адистери ал жерди көрктөндүрүү боюнча абдан кызыктуу долбоор даярдашты", — деди Карыбаев.
Скверге жаңы асфальт төшөлүп, брусчатка тизилип, жарыктандырылып, фонтан коюлуп, балдар аянтчасы жасалып, бактар тигилет.
"Борбор калаада мындай жерлер көп. Бишкек шаардык кеңешинде "Урбанистика жана адамдар үчүн шаар" аттуу программа бар. Ошого карап борбор калаадагы бардык каралбай калган участокторду көрктөндүрөбүз", — деди башкы архитектор.
Бишкекте “Сөз эркиндиги” аллеясы пайда болду. Видео