Sputnik Кыргызстан агенттигинде Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин фармакологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова анафилактикалык шоктун кооптуулугун айтты.
— Аллергияны толук кандуу оору катары кароого болобу?
— Кыргызстанда жыл башынан бери ар кандай дары-дармекке карата анафилактикалык шоктун 24 учуру катталды. Анын ичинде бир адам каза болду. Анафилаксия — белгилүү бир аллергенге реакция катары өнүккөн оор патологиялык абал. Бул аллергиялык реакциянын эң оор түрү, адамдын жаш курагына, жынысына карабайт. Дары-дармек, курт-кумурска, тамак-аш (антибиотик менен өндүрүлгөн малдын азыктары, жер-жемиш ж.б.) анафилактикалык шокту чакырат. 1980-жылдарга чейин 100 адамдан беш учур катталчу. Андан кийин 100 адамга 20, 1990-жылдардан бери жүз адамдын элүүсү аллергиялык терс реакция берип калды.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин фармакологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова
— Белгилери кандай?
— Гиперемия, дененин ысышы, эс-учун жоготуу, баш жана жүрөктүн оорушу, кан басымынын тез төмөндөшү, талма, дем алуунун кыйындашы — аталган патологиянын негизги белгилери. Ал кадимки аллергиядан бүтүндөй организмге таасир эткени жана оор белгилери менен айырмаланат. Биринчи кезекте капиллярлар жабыркайт. Кан мээни кычкылтек менен камсыз кылууну токтотуп, бул эстен танып калууга себеп болот. Башка ички органдар да жабыркайт. Ошондуктан шок алардын жабыркашына жана андан аркы патологияларга алып келиши мүмкүн. Анафилактикалык шокто аллерген киргенден кийин бир нече секунддун ичинде реакция берип, кыска убакытта адамдын ден соолугуна олуттуу зыян келтиргени менен кооптуу.
— Жыл башынан бери катталган 24 учурдун анафилактикалык шокко кабылышына эмне себеп болгон?
— Басымдуу бөлүгү цефтриаксон препаратын үй шартында колдонгон, бейтапта дарыга терс реакция жаралган. Баарын текшерип, изилдеп чыктык. Ар кайсынысы ар кандай фирмалардан чыккан дарылар экен. Сериясы да башка-башка. Ар бир жаранга чалып, кайдан алдыңар эле, дарыгер жазды беле же өзүңөр сатып алдыңар беле деп изилдеп чыктык. Жарымынан көбү дарыгерге кайрылган эмес. Биздин жарандар өзү билемдик менен ооруса эле цефтриаксон сайдырганды жакшы көрүшөт. Бейтаптарга препаратты чакыртылган медайымдар, кошуналар кандан эч кандай анализ албай медкызматкерлердин кароосу жок жасаганы анык болду. Эң коркунучтуусу, үй шартында кан тамырга укол саюу. Мында көз-ачып жумгуча эле реакция берет, жардам көрсөтүлбөй калып, адамды сактай албай калуу кооптуулугу күч. Өткөн жылы дарыга тогуз аллергиялык терс реакция катталып, анын ичинен үй шартында жасалган 3-4 учуру өлүм менен аяктаган. Ошол себептен ооруганда дарыгерге барыңыздар, анткени антибиотиктер вируска жардам бербейт. Илдеттин себеби вирус же бактерия экенин аныктап, дарыга аллергиянын бар-жогун текшерүү керек. Анафилактикалык шок катталса дароо жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да болот.
— Дарыга терс реакциянын көбөйүшүнүн себеби эмнеде?
— Анафилактикалык шок болгон учурлардын арбышына антибактериялык препараттарды көзөмөлсүз, туура эмес пайдалануу себеп. Быйылкы көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу жогорулады. Азыр министрликтин буйругу боюнча медайымдардын үйгө барып инъекция жасоосуна тыюу салынды. Анафилактикалык шок дүйнө жүзүндө ар кандай дары-дармекти көбүрөөк колдонгонубуз үчүн пандемия учурунда да көп катталган.
— Буга кимдер кабылышы мүмкүн?
— Ал ар бир адамда болушу ыктымал. Себеби организм ар кандай. Мурда алып көрбөгөн же алып жүргөн дарыларга да болушу мүмкүн. Айрымдар буга таң калат. Аллергендер биринчи жана экинчисинде реакция бербей, кийинкилеринде кармашы мүмкүн. Ошол себептен укол саярда сураш керек. Цефтриаксондон башка деле дарыларга аллергия болот. Айрым дарылар жаш куракка карап берилет. Мисалы, тетрациклинди 8 жашка чейинки балдардын колдонушуна тыюу салынган. Эт менен сүт да аллергия чакырышы мүмкүн. Анткени азыр малды да антибиотик менен өстүрүп жатышат. Керек болсо балдан да антибиотик табылууда. Ушундай тамак-ашты жеген адамдарда аллерген болсо кийин антибиотик сайганда анафилактикалык шок берип калат.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин фармакологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Жумагулова
— Тобокел тобуна кимдер кирет?
— Аны так айта албайбыз. Анткени организм өзгөрүлүп турат. Бул үчүн баарын текшерип, кайсы орган эмне менен ооруганын изилдеп чыгуу керек. Анализдердин жыйынтыгы менен оорунун 70-80 пайызына антибиотиктин кереги жок болуп калат. Дары ичүүнүн да маданиятын үйрөнүү зарыл. Азыр дароо эле дарылануунун үчүнчү мууну аталган цефтриаксонго өтүп кетишет. Дарыгер канча күн ичүүнү жазып берсе ошончо күн рационду сактаган маанилүү. Толук ичпесе бактерия жок болбой, тескерисинче, дарыны таанып, кийинки колдонгондо аны тоготпой калат. 2050-жылы миллиондогон адам дарыга туруксуз болуп каларын окумуштуулар айтышат. Керек болсо болбогон инфекциялык оорулардан көбү каза болушу мүмкүн деген коркунуч бар. Анткени жыл сайын эле антибиотиктердин жаңылары чыга бербейт да. Бир жылда бир молекула гана чыгарбаса, азайып эле келе жатат. Ошондуктан жаңы дарыларды синтездөө абдан кыйын. Анткени бактерия мутацияга тез кабылат. Биз дарыны рационалдуу эмес пайдалангандыктан бардык антибиотиктер туруктуу болуп калышы мүмкүн. Демек, дарыны башаламан, көзөмөлсүз колдоно бербеш керек.
— Анафилактикалык шок учурунда тез жардам келгиче бейтапка кандай жардам көрсөтүү керек?
— Бул өтө кооптуу. Чалкасынан эмес, капталынан жаткырып, бутун өйдө көтөргүлө. Анткени кан басымы кескин төмөндөп кетет. Болгону ушул. Башка жардам берүүчү дарылар үй шартында жок болгондуктан тез жардам чакыруу керек.