Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украинадагы америкалык аскерлердин билинип калганына түйшөлүүдө

Баяндамачынын пикиринде, аскерлердин жөнөтүлүшү кырдаалды "курчута турган кооптуу учур".
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. АКШ эгерде Украинага чынында эле аскер жиберсе, анда ал эң чоң тобокелдикке барган болот. Бул тууралуу Responsible Statecraft баяндамачысы Анатоль Ливендин айтканын РИА Новости билдирди.
Өзүнүн макаласында ал Украинадагы аскерлердин абалы жана аларды күчтөндүрүү боюнча Вашингтон менен НАТОнун пландары белгиленип, эл арасына тарап кеткен Пентагондун документтери боюнча анализ берген.
"Бул күчтөрдү даярдоо Батышта эле жүргүзүлүп токтоп калбайт, ал НАТОнун 97 спецназы менен кошо жөнөтүлгөн америкалык 71 аскер кызматкер тарабынан Украинада да жасалат", — деп билдирген ал.
Журналист конгресске, коомчулукка АКШ жана НАТОнун аскерлери Украинанын аймагында жүргөнү боюнча маалымдалбаганына өзгөчө көңүл бурган.
"Алардын ошол жакта жүрүшү тобокелдик, же өлтүрүлүшү же туткундалышы мүмкүн", — деген Ливен.
Баяндамачынын пикиринде, бул кырдаалды "курчута турган кооптуу учур".
Буга чейин ЖМКлар Пентагон Украинадагы аскерлердин абалы жана аларды күчтөндүрүүнү көздөгөн Вашингтон менен НАТОнун пландары жазылган документтердин социалдык тармакка чыгып кетиши боюнча иликтөө жүргүзөрүн жазышкан. New York Times басылмасы марттын башындагы дата коюлган документтер "россиялык өкмөткө ыктаган Telegram-каналдарда жайылып жатат” деген маалыматты берген.
Эске салсак, жумада, 7-апрелде, жашыруун материалдардын дагы бир бөлүгү жайылып кеткени маалым болгон. Интернетке 100дөн ашуун документтин тарашы жана анын келтирген зыяны оңбогондой эле болушу ыктымалдыгы айтылды.
Анткен менен бир нече күн өткөндөн кийин, тагыраагы, жекшембиде (9-апрелде) Рейтер агенттиги америкалык аткаминерлерге таянып, украиналык аскерлерге байланыштуу жашыруун делген документтер жасалма болушу ыктымал деген маанайда жазган.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул боюнча суроолорго жооп берип жатып чатакка АКШ, НАТОнун түз же кыйыр тиешеси бардыгынан Москва шек санабай турганын белгилеген.
ЖМК: жашыруун документтер ачыкталып, АКШ союздаштарына жооп бере албай жатат