Алдатсаңар чалгыла. Нарын милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармап, элге кайрылды

Милиция кармаган кишинин сүрөтүн жарыялап, андан жабыр тарткандар болсо кайрылууну айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Мал сатып, акчасынын бөлүгүн — 1 115 000 сомун ала албай жүргөн адам арызданып, милицияга кайрылган. Шектүү кармалды. Тартип сакчылар анын сүрөтүн таратып, алданып калгандар болсо Нарын ОИИБге кайрылууну айтышты.
Мындан бир нече күн мурда, тагыраагы, 7-мартта Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын 25 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, акчасын өндүрүп берүүнү суранган. Жабырлануучу былтыр 8-ноябрда мал сатам деп жарыя берген. Үч күндөн кийин Нурлан аттуу киши чалып сүйлөшкөн. 47 баш тай, 16 баш кунан, бир баш айгырын 2 095 000 сомго баалап, акчасын эки күндүн ичинде берем деп жүктөтүп кеткен.
"Банк аркылуу 980 000 сомун которуп, калган 1 115 000 сомун ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып бербей, изин жашырып жүргөн. Натыйжада арыз ээси Т.К. аттуу адамга олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Нарын ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын ОИИБдин кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, 34 жаштагы Д.Н. аттуу кишини кармап, тергөө бөлүмүнө жеткирген. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Жазаларды аткаруу кызматынын Нарын шаарында жайгашкан №24 мекемесине камакка алынган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Милиция жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо Нарын ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө (03522) 5-09-21, 0(700) 490-019 номери же күнү-түнү кызматтагы 102 кыска номуруна кайрылууну эскертти.
Бизнес-долбоор убадалашкан. Чүйдүн фермерлери 9 млн. сомдук малдан кол жуушту