Пресс-борбор

Эртең Бишкекте космонавт Корсаков менен ачык жолугушуу өтөт

Космонавтика күнү менен Бишкектин 145 жылдыгына карата "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" аттуу фестиваль өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бейшембиде, 13-апрелде, Улуттук тарых музейинде сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен ачык жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Россотрудничествонун (Бишкектеги "Русский дом") Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Космонавтика күнү менен Бишкектин 145 жылдыгына карата 12-13-апрелде "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" аттуу фестиваль өтүп жатат. Корсаков иш-чаранын негизги коногу. Бишкекте туулуп-өскөн биринчи космонавт “Русский дом” жана калаа мэриясынын чакыруусу менен келди.
Зульхарнеев бүгүн эртең менен фестивалдын ачылышы болгонун айтты.
"Гагарин көчөсүндө Гагариндин бюсту бар. Космоско учкан биринчи бишкектик космонавт "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" аттуу фестивалды ошол жерден ачканы кандай керемет", — деди жетекчи.
Ал бир нече иш-чара пландалганын белгиледи.
"Эртең саат 17:00дө Улуттук тарых музейинде Сергей менен ачык жолугушуу өтөт. Ага журналисттер гана эмес, бардык каалоочулар катыша алат. Келиңиздер, абдан кызыктуу болот деп ойлойм", — деди Зульхарнеев.
Ысык-Көлдү космостон сүрөткө тарткан космонавт Корсаков Жапаров менен жолукту