Билим берүү министрлиги республика боюнча мектеп директорлугуна сынак жарыялады

Портфельчен адамдар. Архив
Билим берүү уюмдарынын аталыштарын министрликтин сайтынан алууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 54, Ысык-Көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 3, Баткен облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда 56 жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундары бар.
Конкурска катышууну каалаган талапкер үстүбүздөгү жылдын 24-апрелине чейин төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:
белгиленген формадагы жазуу түрүндөгү жеке арыз;
сүрөт (3×4 см);
паспорттун көчүрмөсү;
жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, тиркемеси менен);
эмгек китепче (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу;
соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалым кат.
Документтерди министрликтин расмий сайтында көрсөтүлгөн электрондук даректерге жөнөтүү керек.
Акча санап жаткан офис кызматкери. Архив
Апрель айынан тарта мектеп директорлорунун маянасы 50%га жогорулайт