Жапаров Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн келинге жаңы үйдү ким салып жатканын айтты

Март айынын башында Ак-Ордо конушунда төрт балалуу келиндин үйүн коңшусу соттун чечими менен түрттүрүп салган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ак-Ордодо үйү түрттүрүлүп, 4 баласы менен көчөдө калган Марал Шараболотованын жаңы үйүн ким куруп жатканы боюнча суроого Садыр Жапаров өзү жооп берди.
Президент "Кабар" агенттигине үйдү өзү эмес, чет элдик фонд соопчулук үчүн куруп берип жатканын айтты.
"Фонд ошол эле жерге биз үй салып берели, уруксат бериңиз" деп кайрылган экен. "Кудай жалгасын" дедим. Бирөөнүн эмгегин, сооп иштерин менчиктеп алуу туура эмес. Мен салып берип жаткан жокмун. Жөн гана себепкер болдум", — деди Жапаров.
Эске салсак, март айынын башында Ак-Ордо конушунда төрт балалуу келиндин үйүн коңшусу соттун чечими менен түрттүрүп салган. Көчөдө калдым деп ыйлаган аялдын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун көңүлүн бурган. 5-мартта президент Садыр Жапаров аталган конушка пландан тышкары барып, үйү бузулган аял жана конуштун жашоочулары менен жолугушкан. Кийинчерээк президенттин кеңешчиси Эрнис Ашырбаев келиндин үй-бүлөсүнө жаңы үй курулуп берилерин айткан.
Андан кийин өлкө башчысы Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматынан бошоткон. Буга мамлекет башчы жарандарга Кызыл китеп берүү иштерин солгун жүргүзгөндүгү себеп экендигин айткан.
Жер мунапысы: соттун чечими жок эле "кызыл китеп" жасоого уруксат берилди