Мен азаматмын! Айсулуу Тыныбекова жеңишинен кийин үн катты

Тыныбекова бул чоң чемпионат ал үчүн сыноо болгонун мойнуна алды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын лидери Айсулуу Тыныбекова Астанада өткөн Азия чемпионатында жеңишке жеткенден кийин журналисттердин суроосуна жооп берди.
“Өткөн жыл мен үчүн жеңил болгон жок. Андыктан бул чемпионат да мага чоң сыноо эле. Адамдар жетишкендиктерди, марада турган учурларды көрүшөт. Анын артында көп эмгек, оор күндөр бар... Биринчиден, өзүмдү “Азаматмын!” деп мактагым келет. Оор жыл болду, өзүм менен өзүм күрөшүп келе жатам”, — деди балбан кыз.
Ошондой эле Астана ал үчүн акжолтой шаар экенин, анткени анын Олимпиадага катышууга бардык лицензиялары Казакстандын борборунда утуп алынганын айтты.
Буга чейин кыргызстандык спортчу Монголиянын өкүлүн жеңип, Азия чемпионатында карьерасында бешинчи алтын медалын тагынган.
Азия чемпионатында Айпери күмүш, Калмира коло утту. Видео