Ош — Омск — Ош авиакаттамы жанданды

Авиакаттам жумасына бир жолу аткарылып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ош — Омск — Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Россиялык "Северный ветер" авиакомпаниясы 28-марттан баштап каттайт.
Авиакаттамдар жумасына бир жолу — шейшемби күнү аткарылат.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 5-майынан тарта Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө.
Июнда Бишкектен Сеулга түз каттам ачылат