Нью-Йорк мэрине кыргыз чапанын Садыр Жапаров белек кылганы белгилүү болду

Сырт кийимдин кандай шартта, качан берилгени туурасында айтылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Нью-Йорк шаарынын мэри кийип чыккан кыргыз чапанын тиккен ChapanSar дизайнердик студиясы коомчулукта талкуу болуп жаткан окуянын чоо-жайын айтты.
Маалыматка ылайык, АКШнын ири шаарынын мэри Эрик Адамска чапан президент Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген.
"Биздин чапаныбызды кийип чыкканына таң калып, кубандык. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана бренддерди колдоп, ишеним арткан тандоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз! Өлкөлөрүбүздүн ортосунда тынчтыкты жана бекем достукту каалайбыз", — деп жазылат маалыматта.
Бирок сырт кийимдин кандай шартта жана качан билекке берилгени туурасында айтылган эмес.
ChapanSar дизайнердик студиясын дизайнер Жумагүл Сариева негиздеген. Ал элге улуттук чапан, кийимдерди тартуулап келет.
Соодалашкан байларга чапанды бекер эле карматам. Дизайнер Сариева менен маек