Кыргызстанда "Адамдын ден соолугунун санариптик профили" ишке кирди. Максаты

Системага бардык саламаттык сактоо кызматтарын интеграциялоо пландаштырылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстанда "Адамдын ден соолугунун санариптик профили" аттуу сервис пилоттук режимде ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, сервис "Түндүк" мамлекеттик порталында жайгашкан.
"Адамдын ден соолугунун санариптик профили" — бул адамга тиешелүү саламаттыкты сактоо уюмдары чогулткан маалыматтарды топтогон жана чагылдырган система.
Максаты — бейтаптардын ден соолугу жөнүндө маалыматка тез жетүү. Калкка медициналык тейлөөнүн сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртуу, ошондой эле бейтаптын ден соолугу жөнүндө маалыматты издөөгө кеткен убакытты кыскартуу.
"Адамдын ден соолугунун санарип профилине" кирүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
Булутка негизделген электрондук санарип кол тамгасын алуу;
"Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү;
Порталдагы жеке кабинетке кирүү;
Менюдан "Санариптик ден соолук профили" аттуу бөлүмдү тандоо.
"Азыркы учурда маалыматтык система пилоттук долбоор стадиясында турат. Ошондуктан суроолор пайда болсо же маалыматтар туура келбесе техникалык колдоо кызматына телеграмма-бот (@mz_kr_info_bot) аркылуу кайрылыңыздар", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө санариптин жардамы менен калк үчүн төмнөкү маалыматтар жеткиликтүү:
адам бекитилген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму;
камсыздандырылган статусу;
алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына баруу тарыхы;
ооруканага жаткыруу тарыхы;
лабораториялык жыйынтыктардын тарыхы;
эмдөө тарыхы.
Мындан тышкары, келечекте "Адамдын ден соолугунун санариптик профилине" бардык саламаттык сактоо кызматтарын интеграциялоо пландаштырылууда. Мисалы, дарыгерге жазылуу, электрондук жеңилдетилген рецепт, медициналык тарыхтан көчүрмөлөрдү, ар кандай маалым каттарды алуу.
Министрлик кымбат дары-дармек жана жабдууларды сатып алууга 600 млн. сом бөлдү