Одессанын баскынчылардан куткарылышына 79 жыл. Тарыхый видео

Фашисттердин оккупациясынын маалында Одессада көп завод-фабрикалар талкаланып, өрттөлүп, тонолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Мындан 79 жыл мурда, дал ушул күнү советтик генерал Родион Малиновскийдин командачылыгы алдында 3-Украина фронту немецтик-румындык баскынчыларды сүрүп чыгып, Одессаны тазалаган.
Sputnik Ближнее зарубежье каналы бул тарыхый видеону жарыялады.
Согуш эки сутка жүргөн. Ал күнү жоокерлердин аккан каны, чыккан жаны жана тирүү калгандардын эрдиги менен шаардагы опера театрынын имаратына советтик кызыл байрак илинген.
Фашисттердин оккупациясынын маалында Одессада көп завод-фабрикалар талкаланып, өрттөлүп, тонолгон. Деңиз портунун көпүрөсү кадимкидей эле жардырылган.
Украинанын кооз жана жашыл шаарын бошотууга көп улуттун өкүлдөрү катышкан. Бир топ аскердик бөлүктөр менен аскерлер орден-медалдарга татыган. Өзгөчөлөнгөн 27 кишиге ардактуу наам берилген. Ал эми 1945-жылдын 8-майында Одесса баатыр шаар деп жарыяланган.
80 жыл мурда кандуу Ржев согушу аяктаган. Тарыхый видео