БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акылбек Талантбеков Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп, чемпион болду.
Бул Кыргызстандын командасынын аталган чемпионаттагы үчүнчү алтын медалы. Спорттук күрөш боюнча континенталдык биринчилик Астанада өтүп жатат.
Спортчу 82 кг. салмакта жалпы үч ирет килемге чыкты. 1/4 финалда индиялык балбанды 7:1 эсебинде, жарым финалда ирандык балбанды 8:0 эсебинде жеңген, ал эми финалдык беттеште казакстандык Диас Календи 3:2 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды.
Аны менен катар эле дагы эки кыргызстандык спортчулар Адилхан Нурланбеков (72 кг.) жана Раззак Бейшекеев (67 кг.) 3-орунду алып, коло медалга ээ болушту. Бул балбан алгачкы жолу чоңдор арасында Азия чемпионатына катышканы айтылды.
Буга чейин Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утуп, чемпиондук наамга татыган. Ал эми Роман Ким коло медаль тагынган.