Келе жаткан аптада Баткенде аба ырайы кандай болот

Синоптиктер бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болорун эскертишти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Баткен облусунда алдыдагы аптада аба ырайы кандай болору тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Анткен менен 11-апрель жаан-чачынсыз болот.
12-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, 13-14-апрелде күн ачык болот.
15-16-апрелде кайрадан айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 10-11-14-апрелде айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Келе жаткан аптада Ошто аба ырайы кандай болору айтылды