Радио

Кашаң атты "домпуш" деп колдонсо болот. Манасчынын түшүндүрмөсү

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Кашаң атты "Манаста" "домпуш" деп колдонгон учурлар бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, "Манас" эпосунда улуу идеяларды камтыган баяндар кездешет.
"Эпосто "домпуш" деген сөз кездешет. Ал басыгы жок, кашаң ат дегенди билдирет. Алсак:
"Басыгы жок аталып,
Баралабай жолдо такалып,
Узай албай маталып,
Кейишке башын малыптыр,
Домпушун кармап алыптыр",
— деген саптар бар. Ошол кезде деле аттын, тулпардын сынын билбей, маани бербей, этибар албагандар болгонун ушул ыр саптардан билсек болот", — деди Талантбеков.
Манасчы ошондой эле бул сөздүн кашаң, чобур деген маанилери кездешерин кошумчалады.