Дарыгер организмдеги өнөкөт сезгенүүнү күчөткөн азыктарды атады

Адистин айтымында, сезгенүү — иммунитеттин терс факторлорго каршы жообу.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Тез сиңген углеводдору бар азыктар организмди өнөкөт сезгенүүгө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу врач-нейроэндокринолог Юрий Потешкин билдиргенин "Известия" жазды.
"Бул — таттуу суусундуктар, десерт, таттуулар, таттуу кошулган сүт азыктары жана тазаланган дан азыктары: ак нан, ак күрүч, ун азыктары, арпа", — деген адис.
Ал кошумчалагандай, бул азыктар күнүмдүк калориянын 10 пайызын гана түзүшү керек. Анткени жогорку гликемикалык индекске ээ болгондуктан сезгенүүгө каршы гендерди кыймылга келтирет.
Мындан сырткары, каныкпаган майларды камтыган азыктардан абайлоо керек. Жүрөк-кан тамыр ооруларын жана түрдүү илдеттерди дал ушул майлар күчөтүп жиберет.
Ошондой эле тузду азайтуу керек. Суткалык нормасы 5-6 граммды гана түзөт.
Потешкинанын айтымында, сезгенүү — иммунитеттин терс факторлорго каршы жообу. Эгерде 2-6 жумада кетпесе, өнөкөткө айланып, организмдин клеткалары менен ткандарынын бузулушуна жана фиброздун өнүгүшүнө алып келет. Адис мунун натыйжалуу дарылоосу жок экенин белгиледи.
Дарыгер ооруну алдын алуу үчүн кыймылдап, тамакты мүнөздөп ичип, туура жашоо образын жүргүзүү керектигин айтты.
Адис эртең мененки тамакты түшкө жакын ичкендин зыянын айтты