Telegraph: Британияда биринчи жолу итти аракечтиктен арылтышты

Коко аттуу иттин ээси дайыма бөлмөгө спирт ичимдиктерин калтырып кете берчү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Улуу Британияда мал доктурлар биринчи жолу итти аракечтиктен арылтты. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазды.
Эки жаштагы лабрадор тукумундагы Коко аттуу ит ээси өлгөндөн кийин дагы бир ит менен кошо жолбун иттер үчүн баш калкалоочу жайга жеткирилген. Иттерге ал жактан кечиктирилгис жардам көрсөтүлгөн, анткени экөөнү калтырак басып, абалы начар эле.
"Иттердин кожоюну бөлмөсүнө спирт ичимдиктерин калтырып уктай берген, бул бир нече ирет кайталанган, алкоголду акырындан үй жаныбарлары тата берген", —деп жазган басылма.
Натыйжада экинчи ит өлүп калган. Коко төрт жума наркоздо жатып өзүнө келген. Учурда анын акыбалы жакшырып келе жатканы айтылат.
Америкалык инженер аракты таштагандан кийин укмуштуудай өзгөрдү. Сүрөт