Аптанын жарымы жаан-чачындуу болот. Жалал-Абад боюнча аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 10-11-14-апрелде айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет 16-апреге чейин Жалал-Абад облусунда аба ырайы кандай болору туурасында маалымат берди.
Ага ылайык, 10-11-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго түшүшү ыктымал.
12-апрелде күндүз аба ырайы бузулбайт. 13-апрелде күндүз, 14-апрелде жана 15-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
15-16-апрелде күндүз айрым жерлерге жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.
Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 10-11-14-апрелде айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Жаанчыл болобу? Кыргызстандагы бир аптага карата аба ырайы