10-апрелге карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +15...+20, Таласта +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көлдө +12...+17 жана Нарында +11...+16 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте жана Ош шаарында +17...+19 градусту көрсөтөт.
Жаанчыл болобу? Кыргызстандагы бир аптага карата аба ырайы