Майыптыгы бар баланын жөлөк пулун чыгартууга керектүү документтердин тизмеси

Министрлик бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 8000 сом жөлөк пул берилерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балага ай сайын жөлөк пул чыгартуу үчүн керектүү документтерди тизмектеди.
Майыптыгы бар баланы баккан ата-эне (асыроочу тараптар) өзү жашаган аймактагы министрликтин башкармалыктарына кайрылышы керек. Арыз ата-эненин (асыроочу тараптын) атынан жазылат.
Жөлөк пул чыгартуу үчүн керектүү документтер:
арыз берүүчүнүн паспорту;
баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
жашаган жерине катталгандыгы жөнүндө аныктама (эмгек маянасына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициент коюлган калктуу аймактарда жашагандар үчүн);
баланын майыптыгын тастыктаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым каты.
Министрлик бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилүүчү жөлөк пулдун суммасы 8 000 сом болгонун белгиледи. Буга чейин ал 4000 сом болчу. Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 1-январындагы жарлыгынын негизинде эки эсеге көбөйтүлгөн.
Жапаров майыптуулугу бар адамдарга мамлекет кандай жардам бериши керектигин айтты