Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы арзандады

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу майдын запасы жетиштүү экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы арзандаганын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Мекеме күйүүчү-майлоочу майдын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн жума сайын мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Бул өзгөчө жазгы талаа жумуштары маалында жасалууда.
"Нефтетрейдерлерге алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы турукташты, ал эми дизель майынын баасы төмөндөп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мекеме билдиргендей, жыл башынан бери күйүүчү-майлоочу майдын баасы 5,3-6,6 сомго арзандаган. Маселен, 1-январда Бишкектеги "Газпром" май куюучу жайларында Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 59,5 сомдон сатылса, азыр 52,9 сом болууда.
Учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын запасы жетиштүү экени, бул өз кезегинде рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизип жатканы белгиленди.
Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр арзандады. Антимонополия кызматынын тизмеси