Эмгек министрлиги: өлкөдө фостердик үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө

Статистика боюнча, өткөн жылы өлкөдө 77 фостердик үй-бүлө катталып, анда 158 бала тарбияланып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстанда окуудан өтүп, тиешелүү сертификаты бар фостердик үй-бүлөлөрдүн саны жыл сайын көбөйүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Үй-бүлө жана балдар үчүн кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Алия Чокоева Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
"Бүгүнкү күндө республика боюнча балдарды убактылуу камкордукка алган 89 үй-бүлө каттоого алынып, жакында дагы 25 түгөй окуудан өттү. Мындан тышкары, 2023-жылдын аягына чейин кошумча 60 фостердик үй-бүлөнү окутууну пландап жатабыз", — деди Чокоева.
Ал жыл сайын Эмгек министрлигинин бюджетине баланы багууда фостердик үй-бүлөлөргө берилчү төлөмдөр үчүн белгилүү бир сумма киргизилип турарын белгиледи.
Фостердик үй-бүлө — бул балдарды убактылуу кабыл алган, балдар үйлөрүн алмаштыруучу үй-бүлө. Мындай үй-бүлөлөрдүн негизги милдети баланын балдар үйүнө түшүп калбашына жардам берүү, ага үй-бүлөлүк чөйрөдө билим берүү, колдоо жана реабилитациялоо болуп саналат.
Мындай ыкма Кыргызстанда 2014-жылдан тарта иштеп келет.
Радио
Тодогелдиев: учурда өлкөдө 77 фостердик үй-бүлө бар