Анкара "Түндүк агымдагы" жардыруу көз карандысыз иликтениши керектигин айтты

Түрк министри газ түтүктөрүндөгү жардыруулар энергетикалык кризисти ого бетер курчутканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Расмий Анкара "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүнө жасалган террордук чабуулдар боюнча ачык жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдиргенин "Прайм" агенттиги жазды.
Чавушоглу россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшкөндөн кийин маалымат жыйын өткөргөн. Түрк министри газ түтүктөрүндөгү жардырууларды энергетикалык кризисти курчуткан "олуттуу чабуул" деп атаган. Анын айтымында, диверсияны көз карандысыз эксперттер иликтеши керек.
Былтыркы жылдын сентябрында россиялык газды Европага экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым — 2" түтүктөрүндө ири жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция бул атайылап жасалган диверсия болгондугун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG газ куурларын оңдоонун мөөнөтүн так айтууга мүмкүн эместигин билдирген.
Лавров түркиялык кесиптеши Чавушоглу менен жолукту. Талкууланган маселелер