Транспорт министри пара менен кармалган 13 кызматкери боюнча үн катты

Буга чейин УКМК Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постундагы кызматкерлердин туруктуу пара алып жүргөн видеосун жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев УКМК тарабынан пара менен кармалган 13 кызматкер тууралуу пикирин билдирди. Аны мекеменин маалымат кызматы таратты.
Текебаев ал жетектеген министрлик коррупция менен болгон күрөштү колдой турганын белгилеп, пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусу керек деп эсептейт.
"Мыйзам баарына бирдей. Биздин министрлик ачык-айкындуулук жана коррупция менен аёосуз күрөшүү жолун улантат. Министрликтин репутациясына доо кетирген жана берилген милдеттерин так аткарбаган кызматкерлердин ордуна кесипкөй адистер алынып турат", — деген ал.
Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, аталган министрликтин 13 кызматкери кармалганы маалымдалган.
Коррупция болбосун! Жапаров ИИМге жол инспекторлорун катуу көзөмөлдөөнү тапшырды