Жапаров борбордук мечитке барып, чогулгандарга ооз ачар өткөрдү

Президент намаз окуп, ооз ачарда кыргыз элине болгон тилектерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектеги имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитке барып намаз окуп, мечиттегилерге ооз ачар өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирип, сүрөттөрүн жүктөдү.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитке барып намаз окуп, мечиттегилерге ооз ачар өткөрдү

2 / 4

Жапаров чогулгандарды орозо айы менен куттуктаган

3 / 4

Бул ай адамдын руханий жана ар тараптуу тазаланышына өбөлгө түзгөн чыдамдуулук, токтоолук сыяктуу баалуулуктар жогору коюлган өзгөчө учур экенин белгилеген

4 / 4

Президент кыргыз элинин бардык жакшы ниеттери, жакшы ойлору ишке ашсын деген тилегин да билдирген

Жапаров чогулгандарды орозо айы менен куттуктаган. Бул ай адамдын руханий жана ар тараптуу тазаланышына өбөлгө түзгөн чыдамдуулук, токтоолук сыяктуу баалуулуктар жогору коюлган өзгөчө учур экенин белгилеген.
"Ал ыйык айда Кыргызстандын эли жасаган жакшы иштери көбөйүп, үзүрүн көрүшүн, үй-бүлөдө, коомдо тынчтык жана достук бекемделе беришин каалады", — деди Султанбаев.
Президент кыргыз элинин бардык жакшы ниеттери, жакшы ойлору ишке ашсын деген тилегин да билдирген.
Орозо маалында эске алчу жагдайлар. Кулагыңызга күмүш сырга