Алтын кенде иштеп сууга түшүп кеткен айдоочунун сөөгүн алып чыгышты

Буга чейин Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинатынын жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткендиги маалымдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен адамдын сөөгү муз астынан чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, ал Нарындагы Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинатынын Ж.А. аттуу 31 жаштагы жумушчусу болгон.
1 / 2

Жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен адамдын сөөгү муз астынан чыгарылды

2 / 2

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, ал Нарындагы Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинатынын Ж.А. аттуу 31 жаштагы жумушчусу болгон

"Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынан, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук бөлүмдөн суучул-куткаруучулар иштешти. Бүгүн саат 09:12де жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлдү", — деди мекемеден.

Кырсык 5-апрелде болгон.
Ошто машина менен каналга түшүп кеткен эки киши куткарылды