Баткенде зыян тарткан ишкерлерди колдоого быйыл 90,3 млн. сом бөлүнөт

Ведомство жалпысынан 212 субъект менен иш алып барууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Тажик тараптын кол салуусунан Баткенде жабыр тарткан ишкерлерге зыяндын ордун толтуруу максатында быйыл республикалык бюджеттен 90,3 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ведомство Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда 75 ишкер менен кредиттик келишим түзгөнгө жетишкен. Азыркы учурда калган ишкерлер менен кредиттик каражат берүү максатында белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат.
Финансы министрлиги жалпысынан 212 субъект менен иш алып барууда.
Ишкерлерге 2% менен 100 млн. сомго чейин насыя бериле баштады. Жол-жобосу