Убактылуу камкордукка алынган балдарды сотко чейинки тартипте мыйзамдуу өкүлгө өткөрүп берүүгө уруксат берүү сунушталууда. Бул тууралуу Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин үймө-үй кыдырууда 92 миң бала мыйзамсыз өкүл дайындалбай жашап жүргөнү аныкталган.
"Учурда балдарына мыйзамдуу өкүл дайындабай миграцияга чыгып кеткендер көп. Натыйжада балага медициналык кызмат көрсөтүлбөй, паспорт ала албай, аскердик каттоого тура албай калууда. Баланы алып калган адам анын ата-энесинин кызыкчылыгын камсыздап бере албайт. Анткени кол коюп берип, чечим кабыл ала албайт. Бала мамлекеттик кызматтарды толук кандуу ала албай көйгөйлөр жаралгандыктан, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын саны көбөйүүдө. Натыйжада кайра эле мамлекет тарабынан иш алып барууга муктаждык жаралат. Анткени "Балдар жөнүндө" кодекске ылайык, ар кандай жагдайдан улам ата-энесинин көзөмөлүсүз калып, мамлекеттин карамагына өткөн балдарды, жетимдерди камкорчуга, асыроочуга же интернатка жайгаштыруу зарыл. Кээде ата-энелер нотариус аркылуу ишеним кат таштап койгон учурлар кездешет, бирок ишеним кат аркылуу ата-энелик милдетти берүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан мигранттар айыл өкмөткө арыз жазып, анын негизинде соцкызмат сотко чейин мыйзамдуу өкүл дайындаса боло тургандай токтом сунушталууда. Буга чейин ал иштер сот аркылуу жүргөндүктөн көптөр ал процедурага кайдыгер карап келишкен", — деди Тодогелдиев.
Ошондой эле ал мыйзамдуу өкүл болгон жаранга ата-эненин милдети жана жоопкерчилиги дагы өтөрүн кошумчалады.