Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинаны денацификациялоо зарыл экендигин польшалык басылма жазды

Польша бийлиги берген маалыматтарда өлкө аймагында Украинадан келген 950 миң качкын жайгаштырылганы, ал эми жалпысынан алганда бул мамлекетте 2,3 миллион украиналык бар экендиги айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Украинаны денацификациялоо зарыл экендигин Myśl Polska басылмасынын баяндамачысы Конрад Ренкас жазды. Материалды ИноСМИ которуп жайгаштырды.
"Биз келгендерди карап отуруп, алардан көп жыл бою нацисттик идеологияга сугарылгандыктын кесепетин байкап жатабыз. Степан Бандера, Роман Шухевич жана башка улутчул коллаборационисттерди мамлекеттик культ кылуу украиналыктардын кийинки муундарына өзүнүн изин өчпөс кылып калтырган. Украина — баш-аягына чейин денацификация зарыл болгон аймак", — деген ал.
Баяндамачынын пикирине караганда, украиналыктардын агылып келиши Европаны экзистенциалдык коркунуч кырдаалына такайт. Ренкас качкындардан сырткары күнөөсүз демонстранттарга кол салып, 2014-жылы Одессадагы Кесиптер бирлигинин үйүн өрттөөгө жана "Азовдун"* Донбасстагы кылмыштарына катыштыгы барлар келгендигин белгилеген.
"Укриналыктардын Евробиримдиктин аймагына жапырт жасалган миграциясы кеминде эле макроаймактык масштабда туруксуздук кооптуулугун жаратат. Экономикабызды башаламандыкка алып келет жана бизди нацизм менен күрөштө жеңилди деп эсептеп алган душман менен тирешүүгө алып чыгат", — деп эсептеген журналист.
БУУнун Жогорку комиссарынын башкармалыгынын маалыматтарына таянсак, 2022-жылдын 24-февралынан тарта 2023-жылдын 28-мартына чейин Европага украиналык 8 172 311 качкын келген. Алардын ичинен беш миллиондон ашыгы Жардамдашуу программасынын алкагында европалык өлкөлөргө катталган.
Польша бийлиги берген маалыматтарда өлкө аймагында Украинадан келген 950 миң качкын жайгаштырылганы, ал эми жалпысынан алганда бул мамлекетте 2,3 миллион украиналык бар экендиги айтылган.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюм
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Качкындар жагдайы: европалыктардын акчасы тургай, сабыры да түгөнгөн сыяктуу