Өз муунунун мыкты өкүлү. Сталбек Алмасбековго жазылган некролог

Сталбек Алмасбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы элге жана Мекенге адал кызмат өтөгөн ак эмгектин үлгүсү экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү опера ырчысы Сталбек Алмасбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы байланыштуу президент Садыр Жапаровдун жана мамлекеттик ишмерлердин атынан некролог жарыяланды. Аны мамлекет башчынын маалымат кызматы таратты.
Таланттуу ырчы 2023-жылдын 5-апрелинде 70 жаш курагында дүйнө салган.
Сталбек Алмасбеков 1953-жылы 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылында туулган. Чаек орто мектебин аяктагандан кийин жана Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы Музыкалык-хореографиялык окуу жайда окуган. 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алма-Ата мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алып, ушул убакка чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солисти, сахнанын алдыңкы чебери болуп иштеген.
Сталбек Алмасбековдун ысымы биздин республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү. Жаркыраган, өзгөчө ырчы көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган. Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековдун үнү кооздугу жагынан бай жана кайталангыс тембрге ээ болгон. Ырчынын репертуарында Ж. Вердинин "Аида", "Отелло" опералары, Ж. Бизенин "Кармен", П. Чайковскийдин "Пиковая дама", Р. Леонкаваллонун "Паяцы", П. Масканьинин "Тоска", "Сельская честь", Дж. Пуччининин "Чио-Чио-Сан", "Жанни Скикки", А. Малдыбаевдин, В. Власовдун жана В. Ференин "Манас", "Айчүрөк", "Токтогул" жана "Ажал ордуна", ошондой эле С. Осмоновдун "Сепил" чыгармаларында ондогон опера ролдору болгон.
Вокалистке белькантонун керемет искусствосунда чыгармачылык идеалды тынымсыз издөө мүнөздүү болгон. Сталбек Алмасбеков көптөгөн эл аралык опера фестивалдарына катышкан, КМШ өлкөлөрүнө жана алыскы чет өлкөлөргө бир нече жолу гастролго чыккан. Концерттик жана гастролдук активдүү ишмердүүлүктү жүргүзүп, кыргыздын вокалдык өнөрүн татыктуу көрсөтүп, көптөгөн чет элдик театрлар менен кызматташкан.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековдун демилгеси менен Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 2002-жылы "Дебют" жаш ырчылардын чыгармачылык лабораториясы түзүлүп, анда коомдук башталышта анын жетекчилиги астында бир катар жаш ырчылар даярдалган. Алар өз театр сахнасында, республиканын шаарларында жана мурдагы Советтер Союзунун мейкиндигинде кыргыз опера искусствосун татыктуу көрсөтүп келишет.
Сталбек Алмасбеков өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгон. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы – элге жана Мекенге адал кызмат өтөгөн ак эмгектин үлгүсү.
Кыргызстандын татыктуу уулу жана эң мыкты инсаны Сталбек Алмасбековдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Ааламды аңтарган социалдык темаларды ачкан. Режиссёр Марат Сарулуга арналган некролог