Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан киши унаасы менен сууга түшүп кетти

Учурда издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Нарындагы Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинатынын Ж.А. аттуу 31 жаштагы жумушчусу жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Куткаруучуларга бул боюнча маалымат 5-апрелде саат 16:40та 102 кызматынан түшкөн. Төрт кызматкер Солтон-Сары жайлоосуна саат 17:10до чыгып, 20:30да кырсык болгон жерге жетишкен.
6-апрелдин таңында куткаруучуларга жардам берүү үчүн суучулдар жана дагы бир нече кызматкер жөнөтүлгөн. Учурда издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.
Үрөй учурган жол кырсык. Баткенде эки автоунаа өрттөнүп кетти