Бишкекте жана Чүйдө "элиткалардын" салык төлөбөгөн ээлери аныкталды

Убагында салык төлөбөгөндөргө айып салынып, туум кошулат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы мүлк салыгын төлөбөгөн "элитка" үйлөрүнүн 287 ээсин 10 күн ичинде аныктады. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.
Текшерүү Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы Аламүдүн районунда, VIP-шаарчада жүргүзүлгөн. 10 күн ичинде 799 турак жай текшерүүгө алынган. Натыйжада 287 үй ээси мүлкүнө салык төлөбөгөнү (3,5 миллион сом) аныкталган. Алардын 109у турак жай болсо, 178и участок.
"Мүлктүн ээлери бюджетке миллиондон ашык сом төлөп беришти", — деп айтылат маалыматта.
Жыл сайын 1-сентябрда турак жайга, участокторго жана огороддорго жер салыгы төлөнөт. Эгер ээси салыкты убагында төлөбөсө негизги суммадан тышкары айып пулду жана ар бир күн үчүн туумду төлөшү керек болот.
Салык декларациясын кабыл алуунун II этабы башталды