Ысык-Көл менен Чүйдө жер титиреди

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 5-апрель күнү түнгө чукул Ысык-Көл менен Чүйдө очогунда төрт баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.
Маалыматта силкинүүнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо тоосунда, башкача айтканда, Кеминдин Кароол-Дөбө, Тар-Суу, Кайыңды айылдарынан түштүк-чыгышты көздөй 14 чакырым, Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылынан түндүк-батышты көздөй 15, Балыкчы шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 20 чакырым аралыкта жайгашканы айтылат.
Калктуу пунктуларда жер титирөө 3-3,5 баллга чейин сезилген. ӨКМ жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин кабарлады.
Жер титирөө болорун алдын ала айтууга мүмкүнбү? Эксперт жооп берет